Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук сыйлыгы тапшырылды

27-март — Эл аралык театр күнүнө карата Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрдү. Салтка айланган “Эргүү” театр сыйлыгы быйыл онунчу ирет берилди.

 

Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театры сахналаштырылган “Кулан” — эң мыкты улуттук пьеса деп табылды.

Казакстандын Астана шаарынын А. Мамбетов атындагы муздрама театры койгон “Боранды бекет” — эң мыкты чет өлкөлүк спектакль аталды.

“Учур” театры сахнага алып чыккан “Нүзүп аталык” эң мыкть спектакль деп табылып, сыйлык алды.

 

Мындан сырткары Кыргызстандын театрларында коюлган спектаклдердин жана театр кызматкерлеринин мыктыларына “Эргүү” улуттук сыйлыгынын статуэткалары, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.