«Мегакомдун» мурдагы жетекчилеринин бири коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы ал «ашыкча баа менен жабдууларды сатып алууга» шек саналып жатканын ырастады.

Маалыматка караганда, ишкананын IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алган. Баштапкы келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын деп бааланган. Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди деп айтылат расмий маалыматта.

«Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» ишканасынын жетекчилери буга чейин да кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар белгилүү.

Мурдагы «Мегаком» бренди былтыр декабрда MEGA болуп өзгөргөн. Компания аталышынын өзгөрүшүн ребрендинг иштери менен байланыштырган.

MegaCom 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин улутташтырылган. Кийин ага байланыштуу бир нече соттук териштирүү жүргөн.