«Рух Ордо» этнокомплексине Ташкул Керексизовдун айкели тургузулду

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» этнокомплексинде мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат Ташкул Керексизовдун эстелигинин ачылыш аземи болду.

Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Ташкул Керексизовдун басып өткөн жолу, калтырып кеткен эмгектери эскерилди.

Эстелик Урал монументалдык искусство борборунун президентинин демилгеси менен биргеликте алынып келинген.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «Товар изилдөө» адистиги менен аяктаган.

1996-жылы Кыргызстан Кооперативдер бирлигин жетектеген.

1996-1997-жылдары Талас облусун башкарган.

Андан кийинки жылдарда Салык кызматынын жетекчиси болгон.

1999-2000-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген,

2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп шайланган.

Ал Эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы «Манас» орденинин ээси.

Ысык-Көлдүн жээгинде «Рух Ордо» комплексинен тышкары «Аалам Ордо» маданий борборун негиздеген.

Меценат, коомдук ишмер Ташкул Керексизов 2021-жылдын 7-майында 73 жашында каза болгон.