Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду.

Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, замандаштары жана кеңири коомчулук катышып, Иманалиевдин чыгармачылыгын жана адамдык парасатын эскеришти.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган.

Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан каза тапкан.