1-декабрдан тарта Россия жана Кыргызстан ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин жарыялады.
Анын айтымында, кеп Жуковский – Бишкек жана Жуковский – Ош каттамдары тууралуу болуп жатат. Андан тышкары, Россиядан учактар Ысык-Көлгө кайрадан келип баштайт.