Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам туризм тармагы көп жоготууга учурады

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам туризм тармагы көп жоготууга учурады.

Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, бул тармактагы жоготуулар 80 пайызга жетти. Ишмердүүлүктүн 15 пайызга

жакыны жабылды. Айрымдары убактылуу ишин токтотсо, кээ бири мындан ары такыр иштебейт.

Кошумчаласак, Бириккен Улуттар Уюмунун быйыл январдагы отчетунда, 2020-жылдын

жыйынтыгы менен дүйнөлүк туризмдин жоготуусу 1,3 триллион доллар деп эсептелди.

Чыгымдын көлөмү буга чейинки кризис учурундагы жылдардан дагы көп деп бааланат.