Электр энергиясына жана жылуулукка болгон тариф 2022-жылга чейин өзгөрбөйт.
Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Ага чейин чыгашаларды,
энергетика тармагындагы жоготууларды азайтуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Мындан тышкары балдар үйү үчүн электр энергиясынын тарифтери арзандатылды.
Тагыраагы 1 кВт/сааттын баасы 2 сом 24 тыйындан 1 сом 58 тыйынга түшүрүлдү.
Мындай тариф электромобилдерге да киргизилди.