Кыргызстанда быйыл февралга карата орточо айлык 17 миң 915 сомду түздү

Кыргызстанда быйыл февралга карата орточо айлык 17 миң 915 сомду түздү.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын отчетунда айтылат.

Былтыр ушул эле мөөнөттө маяна 740 сомго төмөн болчу. Бир жыл ичинде эмгек акы

улуттук валютада жогорулаганы менен чет элдик валютада 34 долларга төмөндөдү.

Бул тенденция америкалык валютанын сомго карата кымбатташына байланыштуу.

Белгилеп кетсек, жыл ичинде чет өлкөлүк валютадагы айлыктын төмөндөшү

биздин өлкөдөн тышкары, Россияда, Беларуста жана Арменияда байкалууда