Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет

Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда долбоордун сметалык документтери даярдалып жатат.

Ал 10 күндүн ичинде даяр болот. Мындан кийин ал жактырылат. Андан кийин каржы булагын издөө башталат.

Кошумчаласак, Раппопорт аллеясы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Чолпон-Ата шаарына жакын унаа жолунун

боюнда жайгашкан. Жалпы узундугу 4,5 чакырымды түзөт. Ал 1934-жылы негизделген.