«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жылга эркинен ажыратылды.
Мындай өкүмдү Свердлов райондук соту чыгарды.
Андан тышкары мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебейт, — деп өкүмдө айтылды.
Ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу
коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктап,
мамлекет 5 жарым миллиард сом чыгым тартканын тергөө аныктады.