“Коопсуз шаар» системасында издөө салынган 7 миң жасалма номер бар

“Коопсуз шаар» системасында издөө салынган 7 миң жасалма номер бар.

Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, жасалма номерди тартип коргоо органдарынын

ыкчам кызматтары эле эмес, жөнөкөй жарандар да колдонот.

Ал эми тартип сакчыларынын андай номерлери атайын базада сакталат.

Эгерде жол эрежеси бузулса, тагылып жүргөн номер базада болбосо,

ал изделген системага киргизилип, андан соң милицияга кабарланат.

Учурда «Коопсуз шаар» системасында жасалма      7 миң номер издөөдө,

анын ичинен 850сү табылды», — дешти башкармалыктан