Кыргызстанда унааларды мыйзамсыз ташыган кылмыштуу схема аныкталды

Кыргызстанда унааларды мыйзамсыз ташыган кылмыштуу схема аныкталды.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, машинелерди мыйзамсыз ташып келүүдөн

мамлекеттик бюджет 258 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Бул иш боюнча 113 материал табылды.

Унаалар жасалма декларациянын негизинде жок адамдарга, түрмөдө отурган кишилерге машинени

мыйзамсыз каттаган фактылар бар. Иштер Экономикалык кылмыштарга каршы

күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди.