Электрондук кол тамга муниципалдык-аймактык башкармалыктарда жеткиликтүү болот

Электрондук кол тамга жакында муниципалдык-аймактык башкармалыктарда жеткиликтүү болот.

“Инфоком” билдиргендей, мындан ары жарандар бул максатта калкты тейлөө борборлоруна барбай эле койсо болот.

Мамлекеттик ишкана санариптик кол тамганын артыкчылыгы катары “Түндүк” тиркемеси аркылуу берилген ар кандай маалымкаттардын юридикалык күчкө ээ экендигин белгилейт.