Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги электрондук кызматтар мамлекеттик порталына (portal.tunduk.kg) тесттик режимде 20 кызмат жайгаштырылганын эскертти.
Онлайн түрдө төмөнкү кызматтарга билдирме берсе болот:
«балага сүйүнчү» акчасы;
үй-бүлө багуучусунан айрылган учурда балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул;
майыптыгы бар чоң адамдар жана балдарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пул;
кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул;
ритуалдык жөлөк пул (сөөктү жерге берүүгө);
бала асыроочу болуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө келишим;
майыптар үчүн отургуч-коляска алууга жана башка кызматтарга билдирме.
«Төлөм, жөлөк пул жана майыптыгы боюнча аныктамаларга берилген билдирмелер каралгандыгын, кайсы процессте тургандыгын портал аркылуу текшерип турса болот», — деп айтылат маалыматта.