Электрондук добуш берүүнү биринчи ирет колдонууга бардык жабдуулар даяр. БШКдан билдиришкендей, биринчи ирет жаңы формат жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо колдонулат.
Ал үчүн Баткен районунунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл кеңештери тандалып алынган. Учурга карата автоматтык урналар менен иштей турган жабдуулар сатылып алынды. Электрондук добуш берүү системасы жарандардын тандоо укугун жакшыртат деп күтүлүүдө.
Эске салсак, 5 облустагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт. Добуш берүү эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары аяктагандыктан белгиленди.