Электрондук патентти эми смартфон аркылуу эле каттап, акысын төлөсө болот

Электрондук патентти эми смартфон аркылуу эле каттап, акысын төлөсө болот.

 

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, мындай мүмкүнчүлүк салык процедураларын санариптештирүү боюнча “Смарт салым” долбоорунун алкагында пайда болду.

 

Белгилеп кетсек, реквизиттерди жана төлөмдүн суммасын сервис автоматтык түрдө көрсөтүп турат, болгону транзакцияны тастыктоо талап кылынат.