Кыргызстандын энергокомпаниялары 2020-жылы 15,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыкты

Кыргызстандын энергокомпаниялары 2020-жылы 15,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыкты.

 

Бул 2019-жылга салыштырмалуу, 2 пайызга көп. Улуттук статистика комитетинен белгилешкендей, жалпы көлөмдүн 91 пайызын гидро электр станциялар өндүрдү.

 

Өткөн жылы өлкөдө 15,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясы колдонулду, бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу, 2,3 пайызга көп. Кыргызстанда электр энергиясынын жалпы жоготуусу 2,4 миллиард киловатт-саатка жетти. Анын 99 пайыздан ашыгы технологиялык жоготуулар болуп эсептелет.