Ошто калкты таза суу менен камсыздоо боюнча бир катар иштер жүрүүдө. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, биринчи этапта узундугу 475 метрге жеткен суу түтүгү орнотулат.
Экинчи этаптын алкагында 4 резервуардын курулушу пландалды. Ал эми үчүнчүсүндө Папан суу сактагычы курулат. Андан тышкары, шаардагы эски скважиналарды оңдоп, жаңыларын бургалоо күтүлүүдө.
Эске салсак, жазында Ак-Буура дарыясында суу булганып же сел жүргөндүктөон, Ош тургундарын таза суу менен камсыздоодо көптөгөн көйгөйлөр жаралып келет.