Эми автобус билеттерин онлайн сатып алса болот

Эми автобус билеттерин онлайн сатып алса болот. “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, ал үчүн beket.kg сайтына кирип, маршрутту, күнүн жана адамдын санын тандоо керек. Жеке маалыматтарды туура толтуруп, ыңгайлуу орунду ээлегенден кийин каражат төлөө зарыл. Андан соң билеттер электрондук почтага келет.

 

Билеттерди басып чыгаруунун кереги жок. Онлайн көрсөтүп эле автобуска отурса болот.