Бүгүн Бишкекте 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаа электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, тиешелүү иш-чаралар бүгүнтөн тарта жүргүзүлөт.

 

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн терминалдар аркылуу төлөсө болот.