Улуттук банк экинчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк март айында экинчи жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жолу чет элдик валютаны сатып алды. Жалпысынан 9 миллион доллар бүтүм жасалган күндөн башка эсептешүү менен алынган.

 

Белгилеп кетсек, Улуттук банк чет элдик валютаны рыноктон акыркы жолу 2022-жылдын июнь айында сатып алган.