Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Бирок буга чейин киргизилген санитардык нормаларды сактоо керек.

 

Жарандар беткап тагынып, коопсуз аралыкты сактап, үйүн, иш ордун таза кармап, бөлмөнү улам желдетип туруу сунушталат. Акматова белгилегендей, адатта кышкысын курч респиратордук вирустарга кабылуу көбөйөт.