Араван районунда жаңы мектеп пайда болот

Араван районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Кочубаев айылында курулууда.

 

Имарат 225 окуучуга чакталып, курулушка 900 миң долларды Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Объект ушул жайда колдонууга берилет.