Эртең Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Юнусалиев, Жантөшов, Шевченко, Күрөңкеев, Калык Акиев көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда жана 6-4-кичи райондордо жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.