Россияда эмгек мигранттарына пандемиядан улам документ боюнча жеңилдиктер токтотулду

Россияда эмгек мигранттарына пандемиядан улам документ боюнча жеңилдиктер токтотулду.

Андан улам, иштеп жүргөн кыргызстандыктарга бир катар кагаздарын ирээтке келтирип алуу сунушталат.

Алсак,  убактылуу жашоого уруксат кагазы, миграциялык карта боюнча документтерди каттоодон өткөрүү зарыл,

эмгек келишимдеринин мөөнөтүн узартып, административдик эреже бузуулар боюнча айыптарды төлөп,

Россия аймагынан чыгаруу чечими чыкса, өз ыктыяры менен өлкөдөн кетиши керек. Ошондой эле

паспортунун жарактуу мөөнөтү 31-августка чейин аяктай тургандар документтин убактысын

узартуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрылышы керек.