Мектептерде жаңы окуу жылында дагы санитардык талаптар сакталат

Мектептерде жаңы окуу жылында дагы санитардык талаптар сакталат. Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл башкармалыгынан билдиришкендей, окуу имаратынын кире беришинде милдеттүү түрдө санитайзерлер орнотулуп, социалдык аралык сакталышы керек.

 

Окуучулардын жанында ошондой эле антисептиктер болушу шарт. Кыргызстанда учурда беткап режими алынган, бирок күзгү-кышкы сезондо вирустар күч алгандыктан, окуучуларга маска тагынуу сунушталат.