Казакстанда төртүнчү адамда коронавирус катталды

Казакстанда төртүнчү адамда коронавирус катталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди. Анын айтымында, коронавирус Алматы шаарынын 44 жаштагы тургунунан табылды.

 

13-мартта Германиядан учуп келген бул эркек Алматыдагы атайын ооруканага жаткырылды. Буга чейин Германиядан келген эки жана Италиядан келген бир казакстандык коронавирусту жугузуп алганы ырасталган. Кытайда чыккан коронавирус Борбор Азияда каттала элек болчу.

 

Кыргызстанда вирус аныкталган факт жок. Кыргыз-казак чек арасы жабылабы, жокпу, азырынча белгисиз.