7 өлкөнүн жарандары 1-майга чейин Россияга киргизилбейт

7 өлкөнүн жарандары 1-майга чейин Россияга киргизилбейт.

Премьер-министр Михаил Мишустиндин кабыл алган чечими

эртеңден тарта  Беларусия, Азербайжан, Армения, Казакстан,

Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан жарандарына тиешелүү болот.

Мындай чара коронавируска байланыштуу. Чектөөлөр дипломатиялык

өкүлчүлүктөр кызматкерлерине, расмий делегациянын өкүлдөрүнө,

эл аралык каттамдардагы транспорт кызматкерлерине тиешелүү эмес.

Россияда учурда 93 адамдан COVID-19 вирусу табылды. 21-марттан

тарта бардык мектептер жабылат. 10-апрелге чейин иш-чараларга тыюу салынган.