Эртең Кыргызстанга коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасынын дагы бир партиясы келет

Эртең Кыргызстанга коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасынын дагы бир партиясы келет.

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова

билдирди. Анын айтымында, препараттын 226 миң дозасы COVAX программасы аркылуу келет.

Бул 113 миң адамга жетет. Эске салсак, буга чейин Азербайжан биздин өлкөгө аталган вакцинанын

40 миң дозасын берген. Учурда аны 18 жаштан жогорку каалоочулардын баары алса болот.