Бишкекте дагы 3 көчөдө унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.
«Бишкекасфальтсервис» ишканасы Кой-Таш, Республика жана Месарош
көчөлөрүнүн бир бөлүгүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Аталган
тилкелерге жаңы асфальт катмары төшөлөт, тротуар, бордюр, люктар жана
ирригациялык тармактар пайда болот. Учурда иштер планга ылайык
башталып, жолдордогу эски асфальт алынууда