Учурда 200гө жакын медицина кызматкери Ысык-Көлдө ден-соолугун чыңдап жатышат.
Ош, Талас облустарынан жана Бишкектен топтолгон дарыгер, медайым, санитар,
техникалык персоналдын өкүлдөрү жана тез жардам унааларынын айдоочуларынан турган топ
пансионатта эс алууда. Алар 1 жума Ысык-Көлдө болушат. Белгилеп кетсек, акыркы үч жуманын
аралыгында 2 пансионатта жалпысынан 450 медицина кызматкери калыбына келтирилди.