Кыргызстанда жалпысынан 77 миң 481 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы вакцинаны 5 миң 438 адам алды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 77 миң 481 адам эмдөөдөн өттү.

Алардын ичинен 27 миң 602сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

— Бишкекте – 19 миң 990;
— Ошто – 5 миң 810;
— Чүй облусунда – 12 миң 329;
— Ош облусу – 10 миң 371;
— Ысык-Көл облусу – 7 миң 618;
— Талас облусу – 3 миң 633;
— Нарын облусу – 3 миң 649;
— Жалал-Абад облусу – 10 миң 106;
— Баткен облусу – 3 миң 270.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору

Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.