Кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, энергетиктердин алдына коюлган тапшырмалардын бардыгы өз убагында аткарылып жатат.

 

Суунун аз келүүсү болгонуна карабай, өкмөт кышында калкты үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүдө.

 

Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 14,5 миллиард кубометрди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу, 2 миллиардка аз.