Баткендеги үйлөрдүн документтери толугу менен даяр болду

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы үйлөрдүн документтери

толугу менен даяр болду. Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Алишер Абдрахманов билдиргендей, турак жайларын документтештирүүдө

төлөнүүчү сумма аймактын жашоочулары үчүн 30 пайызга жеңилдетилди.

Муну менен жарандар турак жайына документ алууга жер участогуна болгон

жеке менчик мамлекеттик актысын алса болот. Белгилеп кетсек, буга чейин

Көк-Таш айылынын 10 пайыз тургундары гана турак жайдын

кызыл китебин алган. Жалпысынан 452 үй бар.