Кытай Кыргызстанга техникалык-экономикалык долбоорлор үчүн грант бөлөт

Кытай Кыргызстанга бир катар артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга грант бөлүп бермей болгонун 18-майда өлкөнүн Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жардам тууралуу макулдашууга Кытайда президент Садыр Жапаровдун сапары алкагында министр Данияр Амангелдиев жана Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ган кол коюшту.

 

Макулдашууга ылайык, “эки өлкө ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга грант бөлүнүп берилет” деп билдирди кыргыз тарап. Гранттын суммасы боюнча маалымат айтыла элек.

 

Садыр Жапаров Кытайга 17-майда барган. Анын мамлекеттик сапары 18-20-май күндөрү болот. Сапардын алкагында ал Сиан шаарында “Кытай – Борбор Азия” саммитине катышат. 18-майда Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында 20дан ашык документке кол коюлду.