Көчмө диагностикалык комплекс Түп жана башка райондордун тургундарына акысыз медициналык кароо жүргүзүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, анда жарандар компьютердик томография, рентген жасата алат.
Комплекс Түп районунда 2 ай бою жарандарды тейлейт. Эске салсак, медициналык кароолор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында көрсөтүлүүдө.