Мамлекеттик салык кызматында Аналитикалык иштер башкармалыгы түзүлдү

Мамлекеттик салык кызматында Аналитикалык иштер башкармалыгы түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, жаңы борбор салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча резервдерди аныктоо максатында түзүлдү.

 

Андагы кызматкерлер салыктын бардык түрлөрүнө жана тармактарга мониторинг жүргүзөт. Алардын милдети — аймактык  органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, салык төлөөчүлөрдүн базасы боюнча талдоо жүргүзүү, жашыруун схемаларын табуу.