Көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын мекемелер аралык комиссия текшерет

Министрлер кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардын жер титирөөгө туруштук берип-бере албасын текшерүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, мындай чечим «өлкөдөгү акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды».

«Документке ылайык, мекемелер аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө Кыргызстандын аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы тууралуу өкмөткө маалымат берүү тапшырылды»,-деп белгиленген маалыматта.

Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеште Түркия менен Сирияда он миңдеген адамдын өмүрүн алган апааттан улам Кыргызстанда кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү, комиссия түзүү сунушу көтөрүлгөн. Анда айрым депутаттар айрыкча Бишкек менен Ош шаарларындагы үйлөргө көңүл бурулушу керектигин эскертишкен.

Бишкектеги башаламан курулуштар жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн былтыр апрелде 11 депутаттан турган комиссия түзүлгөн.

Соңку жылдары борбор калаада менчик курулуш компанияларынын иши активдешүүдө. Алардын айрымдары көп кабат үйлөрдү уруксаты жок жерлерге куруп жатканы тууралуу маселе коомчулукта талкууланып келет. Баш калаанын деталдык пландоо долбоору (ДПД) боюнча да маселе көтөрүлүп жүрөт.

Адистердин айтымында, Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болсо, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө.