Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эл аралык каттамдар жанданат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашуу министр Чыңгыз Айдарбеков менен анын казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди ортосунда жетишилди.
Андан тышкары, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү түйүндөрү жакынкы арада толук кандуу иштей турганы дагы айтылды, — дешти ведомстводон.