Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 14 миллиард сомго иштер аткарылды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, муну менен 1 миң 224 инфраструктуралык объекти курулду.
Эки жылда анын 266сы ишке берилди. Калганында иштер уланууда. Анда мектеп, бала бакча,
медициналык мекеме жана мектеп имараттарын капиталдык оңдоп-түзөө да бар. Мындан тышкары
2 жылдын ичинде 817 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Жалпысынан 83 айыл таза суу менен камсыздалды.
Учурда дагы 282 айылда таза суу системасы тартылып жатат. Анын жалпы суммасы 15 миллиард сомду түзөт