Кафе-ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында тиешелүү органдарга берди.
Өкмөт башчы белгилегендей, адистердин божомолу боюнча коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну ноябрь айында болушу мүмкүн.
Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарга элдин көп баруусуна байланыштуу, — деди Боронов.