Сузактын вирус аныкталган аймактарына блок-посттор орнотулду

Сузактын вирус аныкталган аймактарына блок-посттор орнотулду. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев билдиргендей, 19  блок-пост карантин жарыяланган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарында пайда болду.

 

Бул айылдарда адамдардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизилди. Жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.