Ысык-Көлдө санитардык нормаларды сактабаган объектилердин ээлери жоопкерчиликке тартылат

Ысык-Көлдө санитардык нормаларды сактабаган объектилердин ээлери жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жарыялады. Ал белгилегендей, башкы максат – эс алуучулардын жана облус тургундарынын коопсуздугун камсыздоо болушу керек.

 

Андыктан, санитардык талаптар аткарылышы зарыл, — деди Осмоналиев. Эске салсак, 1-июндан тарта Ысык-Көлдө пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн ишине уруксат берилди. Аймакка киргендердин бардыгынын дене табы өлчөнөт.