Өзбекстан Кыргызстандан келген жарандарды  карантинге албайт

Өзбекстан Кыргызстандан келген жарандарды  карантинге албайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бирок ПЦР анализдин таза жыйынтыгын көрсөтүү керек болот. 1-сентябрдан тартып эки өлкөнүн ортосундагы унаа каттамдарына салынган чектөө алынып, бирок санитардык-гигиеналык талап күчөтүлдү.

 

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан Өзбекстандан келген жарандар дагы карантинге алынбайт деп билдиришкен. Белгилеп кетсек, учурда “Достук”, “Кызыл-Кыя” жана “Маданият” өткөрүү түйүндөрү кадимки форматта иштеп жатат.