Кайгуул милиция кызматкерлери дагы эми жол эрежелерин бузуу боюнча токтомдорду үйлөргө жеткирет

Кайгуул милиция кызматкерлери дагы эми жол эрежелерин бузуу боюнча токтомдорду үйлөргө жеткирет.

 

Ордо калаанын Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден тарта почта бөлүмдөрү 1 миллиондон ашык токтомду ээсин таппай койгондуктан кайтарып берди. Эми буйруктун негизинде милиция рейд өткөрүп, тартип бузуучуларды издейт.

 

Эгер унаа ээси үйдө жок болуп калса, документ ошол үйдө жашаган анын жакындарына тапшырылат.