Сүлүктүдө шахтада калып калган 4 адам куткарылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жайгашкан шахталардын биринде эски тосмо урап, 5 адам калып калды. Алардын бири куткаруучулар барганга чейин өз алдынча чыгып кеткенин ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Министрликтен билдиришкендей, куткаруу иштерине 13 куткаруучу тартылып, 4 адам аман-эсен чыгарылды. «Алар «Тез жардам» кызматына өткөрүлдү. Учурда куткарылган жарандардын аты-жөнү такталууда», — дешти басма сөз кызматынан.