Баткен районунун Ак-Сай айылында жаңы насостук бекеттин курулушу 85 пайызга аткарылды.
Объекти пайдаланууга берилсе 140 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт,
мындан тышкары 290 гектар жер сугат суу менен камсыздалат, — деп айтылат өкмөттүн расмий сайтында.
Анда жалпысынан 500дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлөт. Объектинин курулушу 2019-жылы башталган.
Эми аны ушул жылдын декабрь айына чейин бүтүрүү пландалууда.