Кайгуул милиция кызматы Бишкекте ири рейддерди жүргүзөт

Кайгуул милиция кызматы Бишкекте ири рейддерди жүргүзөт. Ведомство маалыматына ылайык, бул мас абалында унаа башкарган, тиешелүү документтери жок жүргөн айдоочуларды, терезелери караңгылатылган унааларды аныктоо үчүн жасалууда.

 

Болжол менен рейддер ушул жуманын аягында жана кийинки аптанын башында жүргүзүлөт. Андыктан, айдоочулар бул чараларды түшүнүү менен кабыл алышы керек.