«Манас» аэропортунда ири коррупциялык схема аныкталды

Башкы прокуратура «Манас» эл аралык аэропортундагы туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

 

Анда айтылгандай, аба майдандын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык каттамдарга жүк ташыган «Гата эйрлайнс» компаниясына жеңилдиктер берилип кеткен. Мунун кесепетинен 2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта мамлекетке 12 миллион доллар зыян келтирилгени аныкталган.

Аталган мыйзамсыз ишке шектүү катары «Манас» эл аралык аэропортунун дирекциясынын мурдагы башчысы Нурсултан Белеков кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Манас» эл аралык аэропортунун директорлор кеңешмесинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуевди, акционердик коомдун башка жооптуу кызматкерлерин, Мүлк фондунун жана Монополияга каршы агенттиктин жооптуу кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралып жатканы айтылды.