Жалал-Абад жана Ош облустарында 17 калк жашаган түйүнгө айыл макамы берилет

Жалал-Абад жана Ош облустарында 17 калк жашаган түйүнгө айыл макамы берилет. Тиешелүү мыйзам долбоору Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыгып, парламентте 3 окууда тең жактырылды.

 

Учурда бул калк жашаган түйүндөрдө 22 миң 500дөн ашык адам бар. Айыл макамын берүү менен аларга тиешелүү шарттар түзүлүп, каттоого алынып, инвестицияларды тартуу мүмкүн болот.